Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралдагы Указы менен республикадагы экономикалык илимдин бирден-бир борбору негизинен талкаланат.
Экономика институту өзүнүн 70 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде экономика илиминин теориясы жана методологиясы, өндүрүш күчтөрүн, эмгек ресурстарын бөлүштүрүү жана реалдуу экономиканы өнүктүрүү маселелери менен алектенген. Айрыкча акыркы жылдарда экономикалык реформалар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун топтогон иш тажрыйбасы республикадагы бир да окуу жайда жок.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун иш тажрыйбасы биздин институт өткөрүлүп жаткан жогорку окуу жайда жок жана болгон эмес (!). Алардын кадрдык потенциалы терең илимий-теориялык изилдөөлөргө караганда көбүрөөк даражада студенттерди окутууга багытталган. Бул университет экономика илими боюнча лидер эмес жана эсептелбейт.
Бул аракеттер эмне үчүн жана кандай максатта жасалып жатат?
Айрым өздүк максаттарды көздөгөндөр үчүнбү!?
Акыркы жылдары бул «адамдар» Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Акалемиясынын Экономика институтуна бир нече жолу «кол салып» келишкен.
Булар бийлик менен түз байланышы бар белгилүү инсандар.
Алар Илимге маани беришпейт!
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти мени кабыл алса, мен ага баарын түшүндүрүп бермекмин.
Биз илимди реформалоо боюнча бир нече жолу сунуш киргизген элек, бирок, тилекке каршы, Конституциянын Гарантына биздин үнүбүз жеткен жок.
Айтмакчы, жогоруда аталган Указ Конституцияны жана Илим жөнүндө башка мыйзамдарга каршы келет.
Жеке амбициялар үчүн Илим курмандыкка чалынып жатат.
Академик Турар Койчуев